КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
4.03.2022-жыл № 17
Жер адиске жардамчы алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Акназаровдун жардамчы алуу боюнча берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXXI-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Акназаровко убактылуу келишимдин негизинде уч айлык мөөнөткө жардамчы алынсын.
2. Кошумча адистин иштеген ар бир айына 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө айлык акы төлөп берүү үчүн, каржы булагын табуу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башкы бухгалтеринин убактылуу милдетин аткаруучу А.Раимбековага милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык Кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |