Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 6-шайланган кезектеги 29–сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 128
Айыл өкмөтүнүн экономист-статист жетектөөчү адисинин эмгек маянасын Өзгөн райондук мамлекеттик статистика комитети менен келишимин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Кадыровтун билдүрүүсүн угуп Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин алтынчы чакырылыш кезектеги 29 сессиясы токтом кылат
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, статистикалык маалыматтарды берүү жана жыйноо боюнча Өзгөн райондук мамлекеттик статисика бөлүмү менен Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишими бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Тоо айылдык кеңештин төрагасы |
А.Бекмаматов |
Кызыл-Тоо айылдык
кеңешинин 2021-жылдын
22.01.2021ж№ 128
токтому менен бекитилди
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө
КЕЛИШИМ.
22.01 2021-жыл
1. Келишимдин тараптары
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан, мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө жобонун негизинде иштеген жетекчи Инашов С биринчи тараптан жана Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн атынан, мындан ары "өз алдынча башкаруунун аткаруу органы" деп аталуучу, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жобонун негизинде иштеген башчысы Бакиров К,экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү.
2.Келишимдин шарттары
2.1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж № 715 токтомуна ылайык Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө;
2) жазгы талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө;
3) түшүмдү жыйноо,күздүк себүү жана тоңдурма айдоо тууралуу;
4)айыл чарба мөмө жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө;
5)айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө;
6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө;
7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө;
8)дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көлөмү жана баалары тууралуу;
9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө;
"Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып,2-тиркемеде көрсөтүлгөн".
"2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына,Статистикалык иштердин графигине,Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт.
2.2 Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кызыл-Тоо айыл өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну кабыл алат.
2.3.Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайыу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан борборлоштурулган түрдө республикалык бюджеттен бөлүнөт.
3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери
3.1 Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бъл\м\ ъз\н\н ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетектөөчү адис-статистигин дайындоого жана бошотууга макулдашуунун жол-жоболорунун жүрүшүн талап кылууга;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын,ошондой эле ушул максатка бъл\н\п берилген финансылык,материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын контролдоого;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарууга милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөкөрсөтмө берүүгө;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзүгө ашырууга байланышкан маалыматтарды,материалдарды жана документтерди сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2-формага ылайык материалдык,финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан отчеттордун формаларын сурап алууга;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген,бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген иретте өндүрүп алууга;
- №2 тиркемеде берилген статистикалык инструментарийдин жана графиктин тизмегине ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана өз убагында болгондугун контролдоого;
- КРдин Улутстаткому тарабынан бекитилген усулдарга ылайык статистикалык иргеме текшермелерге тиешелүү болгон чарба жүргүзүүчү субьектердин тизмегин аныктоого;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы берген статистикалык маалыматтардын (себилген аянттар,дүң жыйым жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү ж.б. жөнүндө)ишенимдүүлүгүн текшерүүнү уюштурууга;
- алгачкы статистикалык эсептин абалын жана толуктугун текшерүүгө;
- статистикалык маалыматтарды берүүдө мөөнөтү үзгүлтүккө учураса,алар ишенимдүү эмес болсо,статистикалык байкоонун субьекттери толук эмес камтылса,статистикалык маалыматтар берилбесе,өзүнүн милдеттерин аткарбаса ж.б.у.с.учурларда "Мамлекеттик статистика жөнүндө"Мыйзамга,Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик кодексине",ушул Келишимге ылайык чараларды көрүүгө"
-"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген тартипте,статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
3.1 Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
-статистикалык маалымататтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылууга,программалык камсыздоо иштерине жөндөмүн жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүүгө;
- статистикалык маалымататтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган статистикалык инструментарийди,материалдык,финансылык жана башка каражаттарды зарылдыкка жараша өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө,
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык,уюштуруучулук,консультативдик,жана башка жардам көрсөтүүгө,укуктук,техникалык жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнчаберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу ж\ктългън жетектъъч\ адис-статистиктин квалификациясын жогорулатуу \ч\н жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана бъл\нгън материалдык,финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого.
4. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликт\\ ъз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери
4.1 Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Кызыл-Тоо айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу учүн каралган статистикалык инструментарийди,материалдык,финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу учүн методикалык,уюштуруучулук,кеёеш бер\\ жана башка жардамды,ошондой эле зарыл болгон укуктук,техникалык жана башка документтерди алууга;
- райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга;
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга;
- ушул Келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, "Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди" мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга.
4.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды бул келишимге,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Статистикалык иштердин программасына,Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга;
13. Талаштарды чечүү тартиби
13.1.Ушул келишимди аткаруунун ж\р\ш\ндъ келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет.
14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары
1.Өзгөн райондук мамлекеттик 1.Өзгөн району Кызыл-Тоо
статистика бөлүмү айыл өкмөтү
2.Жетекчи С.Инашов 2.Айыл өкмөтүнүн башчысы
К.Бакиров