Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 6-шайланган кезектеги 29–сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 129
Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу жерге «Байма» көмүр кени иштөөсү үчүн зарылчылыкка жараша электр мамыча орнотууга уруксат берүү жөнүндө.
«Байма» көмүр кениинин суроо талабына ылайык Алмурут участкасынан Миң-Туур участкасына чейинки аралыкка электр мамычасын жана 35 кв аба чубалгысын тартуу үчүн уруксат берүүгө Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 29 сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат.
1. »Байма»көмүр кенинин суроо талабына ылайык Алмурут участкасынан Миң-Туур участкасына чейин электр мамычасын жана 35 кв аба чубалгысын тартууга уруксат берилсин.
2. Электр мамычасын орнотууда 35кв аба чубалгысын тартууда калктын үлүш жерлерине ошондой эле айыл чарбасына пайдаланган жолдорго зыян келтирбөө жагы каралсын.
3. Каралып жаткан маселе боюнча 2 тараптуу келишим түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы ,жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Тоо айылдык кеңештин төрагасы |
А.Бекмаматов |