Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы
2022-жылдын 9-марты № 12-2
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдагы 01-33/94 катына негиз, эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28-75 чакырым аралыгында Көк-Жар айыл аймагына караштуу кызыл сызыкта турган бак-дарактарды жылдыруу жөнүндө
Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28-75 чакырым аралыгында Көк-Жар айыл аймагына караштуу кызыл сызыкта турган бак-дарактарды жылдыруу боюнча маселени карап чыгып, талкуулап, Кырыгз Республикасынын мыйзамдарына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28-75 чакырым аралыгында Көк-Жар айыл аймагына караштуу кызыл сызыкта турган бак-дарактарды жылдырууга макулдук берилсин.
2. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдагы 01-33/94 катына негиз, эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Исфана автожолунун 28-75 чакырым аралыгында Көк-Жар айыл аймагына караштуу кызыл сызыкта турган бак-дарактарды жылдыруунун мыйзамдуулугун тактоо үчүн тиешелүү органдарга кайрылуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаеге жүктөлсүн. Жылдыруу иш чаралары Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ӨК боюнча адиси А. Адиловго жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн юристи Ж. Сарыбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары К. Кайымовго жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Арапов. |