КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы
2022-жылдын 9-марты № 12-3
Көк-Жар айыл аймагына караштуу Каранай айылындагы “Ак шумкар” спорт клубунун балдарын РФ Санкт-Петербург шаарына барып келүүсүнө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Көк-Жар айыл аймагына караштуу, Каранай айылындагы “Ак шумкар” спорт клубунун балдарын РФ Санкт-Петербург шаарында өтүлүүчү, спорттун жеке таймаш түрү боюнча Дүйнө чемпионатына барып келүүсү үчүн, Түштүк аймагы боюнча жеке таймаш федерациясынын президенти А.Артыковдун сураныч катын карап, Көк-Жар айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Жар айыл аймагына караштуу, Каранай айылындагы “Ак шумкар” спорт клубунун балдарын РФ Санкт-Петербург шаарында өтүлүүчү спорттун жеке таймаш түрү боюнча Дүйнө чемпионатына барып келүүсү үчүн, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 21-пунктуна ылайык “Ак шумкар” спорт клубунун балдарына, жергиликтүү бюджеттин аппараттык башкаруу бөлүмүнүн (70825) 2215-беренесинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө беренелерине коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаеге жана ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Арапов. |