Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы
2022-жылдын 9-марты № 12-4
Көк-Жар айыл аймагына караштуу Каранай айылынын тургуну Ибраимов Рыскулдун арызын кароо жөнүндө.
Көк-Жар айыл аймагынын Каранай айылынын тургуну Ибраимов Рыскул 2022-жылыдын апрель айында АКШда өтүүчү, эрежесиз эр таймашына барып келүүсүнө жана жол акы чыгымдарына акча каражатын ажыратып берүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 21-пунктуна ылайык, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
4. Көк-Жар айыл аймагынын Каранай айылынын тургуну Ибраимов Рыскул 2022-жылыдын апрель айында АКШда өтүүчү, эрежесиз эр таймашына барып келүүсүнө жана жол акы чыгымдарына акча каражатын ажыратып берүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 18-беренесинин 21-пунктуна ылайык, Ибраимов Рыскулга, жергиликтүү бюджеттин аппараттык башкаруу бөлүмүнүн (70825) 2215-беренесинен 10 000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө беренелерине коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Миңбаеге жана ФЭБнүн башчысы А.Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Арапов. |