Редакцияот 09.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы

2022-жылдын 9-марты № 12-5

Көк-Жар айыл аймагындагы Алашан айылынын тургуну М.Жанибекованын арызын кароо жөнүндө

Көк-Жар айыл аймагындагы Алашан айылынын тургуну М.Жанибекованын кызынын жүрөгүнө операция жасатууга, материялдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Көк-Жар айыл аймагындагы Алашан айылынын тургуну М.Жанибекованын кызынын жүрөгүнө операция жасатууга, материялдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, жергиликтүү бюджеттин аппараттык башкаруу бөлүмүнүн (710) 2721-беренесине негиз 10 000 (он миң) сом акча каражатын, бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө, статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А. Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Р.Арапов.