КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кеңешинин 7- чакырылышынын кезексиз 12- сессиясы
2022-жылдын 9-марты № 12-6
Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылынын тургуну Асылбек кызы Мээргүлдүн арызын кароо жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылынын тургуну Асылбек кызы Мээргүлдүн кызынын жүрөгүнө операция жасатууга, материалдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
4. Көк-Жар айыл аймагындагы Жийде айылынын тургуну Асылбек кызы Мээргүлдүн кызынын жүрөгүнө операция жасатууга, материалдык жардам көрсөтүү максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 23-пунктуна ылайык, жергиликтүү бюджеттин аппараттык башкаруу бөлүмүнүн (710) 2721-беренесине негиз 10 000 (он миң) сом акча каражатын, бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
5. Бөлүштүрүлгөн акча каражатын мыйзамдуу түрдө, статьяларына коюп иш алып баруу жагы, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А. Тургунбай уулуна милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Арапов. |