Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2020-жылдын 3-ноябры № 2
«Ноокен районунун Масы айылынын Кара-Кунас участкасында жайгашкан 45 га жер аянттарын Масы айыл өкмөтүнүн административдик аймактык бирдигин картасына киргизүү жөнүндө»
Ноокен районунун Масы айылынын Кара-Кунас участкасында жайгашкан 45 га жер аянттарын Масы айыл өкмөтүнүн административдик аймактык бирдигин картасына киргизүү жөнүндөгү Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сулаймановдун маалыматын, сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясынын токтом кылат:
1. Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Сулаймановдун маалыматы эске алынсын.
2. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 28-октябрындагы № 462-б буйругунун негизинде, 45 га жер тилкеси Ноокен районунун борборунда (райцентринде) жашаган атуулдар пайдаланып келген, Кара-Кунас участкасында жайгашкан 45 га жер аянттарын Масы айыл өкмөтүнүн административдик аймактык бирдигинин картасына киргизүү жана керектүү акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
3. Масы айыл өкмөтү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 1997-жылдын 28-октябрындагы № 462-б буйругунун негизинде иштетип жаткан Кара-Кунас участкасында жайгашкан 45 га жер аянттарын Масы айыл өкмөтүнүн административдик аймактык бирдигинин картасына киргизүү жагы Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынан жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Масы айыл өкмөтүнүн административдик чек арасын белгилөө картасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Ж.Эшенкуловго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин аргардык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |