Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2020-жылдын 3-ноябры № 3
Масы айылынын тургундары Э.Закированын жана С.Жоробаевдин арыздарын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХVIII сессиясы токтом кылат:
1. Масы айылынын тургуну Э.Закированын ден соолугуна байланыштуу учурдагы илдет менен үй-бүлөөсү менен ооруп жаткандыктан материалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен акча каражааты бөлүнүп берилсин.
2. Сай-Маала айылынын тургуну С.Жоробаевдин башындагы өсмөнү алдыруу үчүн Москва шаарына барып дарыланууга акчалай жардам көрсөтүү максатында 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен акча каражааты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы К.Калматовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү финансы маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |