Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2020-жылдын 3-ноябры № 4
Өздүк салым жөнүндө
Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында Масы АА айылдардын санитардык-экологиялык абалын, калктагы жана коомдук жайлардагы таштандылар көйгөйлөрдүн артыкчылыктуусу болуп жаткан маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХVIII сессиясы токтом кылат:
1. Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында Масы, кеңеш жана Бешик-Жон АА айылдардын санитардык-экологиялык абалын, калктагы жана коомдук жайлардагы таштанды көйгөйлөрдүн жакшыртуу боюнча долбоорун ишке ашырууда Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен 575 000 (беш жүз жетимиш беш миң) акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин финансы маселе боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |