Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2020-жылдын 3-ноябры № 5
«Адалатхан-М» жеке менчик дыйкан чарбасынын башчысы М.Халхожаевдин арызын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХVIII сессиясы токтом кылат:
1. М.Халхожаев Масы айыл өкмөтүнөн 2018-жылдан 2022-жылдын 30-декабырына чейин 5 жылдык мөөнөтү менен айыл чарба продукциясын өндүрүү жана бал челек коюу үчүн убактылуу пайдаланууга 1 га жер аянтын алган. Бал челектерин жана тиккен эгиндерин мал, кой жана эчкилерден сактоо максатында айланасын убактылуу (жеңил курулуш) зым тор менен тосууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин айыл чарба маселе боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |