Редакцияот 03.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы

2020-жылдын 3-ноябры № 7

Өмүрбаева Ырысбүбү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХVIII сессиясы токтом кылат:

1. Масы айылынын Барпы көчөсүнүн тургуну Өмүрбаева Ырысбүбүнүн өмүр баяны менен таанышып чыгып, өзүнүн 45 жылдык медицина тармагындагы үзүрлүү эмгенинин артынан ардак грамоталар менен сыйланган. Бир топ жылдан бери чыгармачылык түйшүгүн тартып, бир нече ырлардын автору болуп, райондогу маданият тармагына өз салымын кошуп келүүдө. Жогорудагылардын негизинде Өмүрбаева Ырысбүбүгө Ноокен районунун ардактуу атуулу наамын берүү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин орун басары А.Курбаналиевга жүктөлсүн.

 

Масы айылдык кеңешинин төрагасы

А.Нарматов