МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2020-жылдын 3-ноябры № 8
“Убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарына жана Масы айылдык кеңешинин регламентине ылайык, айыл аймактын экономикалык өнүгүү программасын түзүү боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн жумушчу топ түзүү максатында Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXХVIII сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймакта бизнести жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык программаларды иштеп чыгуу жана долбоорун ишке ашыруу максатында төмөнкү курамда убактылуу комиссия курамы түзүлсүн:
1) О.Алыкулов – Айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
2) С.Назаров – Айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы;
3) К.Макеев– айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү.
2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө айыл аймактын экономикалык өнүгүү программасын түзүү боюнча иликтөө жүргүзүү жана башка тийиштүү иш-аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Масы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Курбаналиевге тапшырылсын.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |