Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 1
«Масы айылындагы Кызыл-Туйская көчөсүнө Сулайман Тойчукуловдун ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Мурдагы «Москва» колхозунун пахтачылык бригадасында көп жыл талыкпай эмгектенип, элине зор салымын кошкондугу жана эмгекчилдиги, «Улуу Ата Мекендик согуштун» катышуучусу маркум Сулайман Тойчукуловдун ысымын Масы айылындагы Кызыл-Туйская көчөсүнө ыйгаруу боюнча Кызыл-Тууйская көчөсүнүн тургундарынын 2019-жылдын 31-июлундагы кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтомунун 8-пунктуна ылайык жана Масы айылдык кеңеши, сунушту угуп жана талкуулап Масы айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы токтом кылат:
1. Масы айылынын Кызыл-Туйская көчөсүнүн тургундарынын жана М.Тойчукуловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Масы айылындагы Кызыл-Туйская көчөсүнө Сулайман Тойчукуловдун ысымы ыйгарылсын.
3. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Кызыл-Туйская көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Сулайман Тойчукуловдун жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнүн жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинен камсыздоо маркум Сулайман Тойчукуловдун үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |