КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
19.01.2022-жыл № 9
Көк-Ирим айыл аймагынын Жайыт комитетинин
2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
1. Көк-Ирим айыл айымагынын Жайыт комитетинин төрагасы Капаров Жээнкулдун 2022-жылга карата түзгөн иш планы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Токтомду маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Көк-Ирим айыл аймагынын жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Ирим айылдык Кеңешинин төрагасы | К.Асыйбеков |