Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 2
«Максаттуу трансфертти бөлүп берүү жөнүндө»
Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Масы, Кенеш жана Бешик-Жон айыл аймактарындагы калкка каттуу турмуш тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу максатында финансылык каражаттарды, материалдык жана башка ресурстарды бириктирүү менен өз ара аракеттешүү үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесинин негизинде Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы токтом кылат:
1. Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Масы, Кеңеш жана Бешик-Жон айыл аймактарынын тургундарынын каттуу турмуш тиричилик калдыктарын жыйноо, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу кызматын көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттердин планын турмушка ашыруу үчүн Масы АА жергиликтүү бюджетинен 575 000 (беш жүз жетимиш беш миң) сом максаттуу трансфертти Кеңеш АА жергиликтүү бюджетине бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде Масы АА жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү ФЭБунун башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Масы айылдык кеңешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Алыкуловго тапшырылсын.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |