Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 3
«Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө»
Масы айылынын Сай-Маала айылынын тургундарынын үлүш жерлерин “Эл-Тилеги” дыйкан чарбасына бир топ жыл мурда берип, учурда өздөрүнүн үлүш жерлерин кайтарып ала албай, “Эл-Тилеги” дыйкан чарбасынын төрагасы А.Макеев ар түрдүү шылтоолорду айтып, үлүш жерлерин бөлүп бербей жаткандыгы жөнүндө Сай-Маала айылынын тургундарынын оозеки кайрылуусун угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы токтом кылат:
1. “Эл-Тилеги” дыйкан чарбасынын жана жарандар ортосундагы маселени өз ара калыс чечүү максатында төмөндөгү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.
1) М.Сулайманов-Масы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
Мүчөлөрү:
2) А.Сапарбаев- Масы а/ө жер маселелер боюнча жетектөөчү адис.
3) Мамытов Адылжан- а/к жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
4) Курбаналиев Анарбек- а/к жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү.
5) Исраилов Сабыржан- - а/к жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү.
6) Оморалиев Садирбек- а/к жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү.
7) Сайфидинов Зафар - а/к жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мучосу.
8) Хасанов Мирсали- а/к жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү.
9) Калимбетов Талант- а/к жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү.
10) “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын адиси (макулдашуу менен)
11) Ноокен райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын адиси (макулдашуу менен)
2. Маселени өз ара калыс бир айлык мөөнөттө чечип берүү комиссиянын курамына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |