МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы
2021-жылдын 5-февралы № 8
Ноокен районунун Масы айыл аймагынын Кызыл-Кыштак айылына 80 метр жөө өтүүчү көпүрөнүн капиталдык курулушу жөнүндө долбоорун кароо
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXХI сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен районунун Масы айыл аймагынын Кызыл-Кыштак айылына 80 метр жөө өтүүчү көпүрөнүн капиталдык курулушунун долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук Өнүктүрүү фондусунун комиссиясына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруу максатында Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 146 000 (бир жүз кырк алты мин) сом акча каражыт бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |