МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы
2021-жылдын 2-марты № 1
«Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан № 1 Ак-кайың балдар бакчасынын имаратынын чатырын жана терезелерин алмаштыруу жөнүндө долбоорун кароо»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан № 1 Ак-кайың балдар бакчасынын имаратынын чатырын жана терезелерин алмаштыруу жөнүндөгү долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
2. Долбоорго акча каражатын бөлүү үчүн Ноокен райондук Өнүктүрүү фондусунун комиссиясына тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн администрациясына тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруу максатында Масы айыл өкмөтүнүн бюджетинен өздүк салым үчүн 268 800 (эки жүз алтымыш сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Масы айылдык кеңешинин төрагасы | А.Нарматов |