Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы

2021-жылдын 2-марты № 13

«Г.Давлетовага Эски-Масы сайыныны жээгиндеги жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө»

Масы айыл өкмөтүнө караштуу Масы айылынын тургуну Г.Давлетованын арызына ылайык, Эски-Масы сайынын жээгинде жайгашкан жер тилкесинин сай жак жээгин өз каражаты менен инвестициялап, бекемдеп, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык узак мөөнөттүү ижарага берүү жөнүндөгү өтүнүч келтирген. Ижарага берүүгө негиз катара Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 16.11.2020-жылдагы № 647-сандуу катына жана Жалал-Абад облусттык “Сел жана Суу ташкындарынан коргоо” бөлүмүнүн 14.12.2020-жылдагы № 01-7/219-сандуу кортундусуна ылайык Масы айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XXXXII сессиясы токтом кылат:

1. Масы айыл өкмөтүнө караштуу Ош-Бишкек жолунда жайгашкан, Эски-Масы сайынын сол жагындагы 5553 кв метр жер тилкесин женил конструкция куруп, коммерциялык багытта иштетүү үчүн Давлетова Гульсана Батырбековнага Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.

2. Ижара келишими Г.Давлетова менен түзүп, ижара акысынын ордуна өзү макул болгон 4 783 160 сомдук инвестиция акча каражатын суралган участканын сай жак жээгин дамба кылууга жумшасын.

3. Токтомудун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Масы айылдык кеңешинин төрагасы

А.Нарматов