Редакцияот 21.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 21-майы № 1

«Масы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Масы айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 2021-жылдын 25.03. № 3 PSI-G сандуу гранттык келишимдин негизинде жергиликтүү координатор А.Саитованын маалыматын угуп жана талкуулап Масы айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

1. «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 2021-жылдын 25.03. № 3 PSI-G сандуу гранттык келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын турмушка ашырууга берилүүчү 75 000 (жетимиш беш миң) сом дараметти жогорулатуу боюнча грантынын эсебинен Масы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 75 000 (жетимиш беш миң) сомго, чыгаша бөлүгү 75 000 (жетимиш беш миң) сомго өзгөртүлсүн.

2. Ушул токтомдун негизинде Масы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Масы айыл өкмөтүнүн ФЭБунун башчысы К.Калматовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Карабаевге жүктөлсүн.

 

Масы айылдык кеңешинин төрагасы

М.Култаев