Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 12-апрели № 8/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы №54-“Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын жана аны ишке ашыруу максатында “Чалма айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү” боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдын №54-“Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын жана аны ишке ашыруу максатында Чалма айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү” боюнча жобону бекитип берүү жана айыл аймагынын тургундарынын социалдык жана экономикалык жашоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле, диний ырым-жырымдарды,үрп-адаттарды жана коомдун руханий абалына терс таасирин тийгизүүчү башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырыпкорчулукту болтурбоо максатында Чалма айыл өкмөтүнүн 29.03.2022-ж. Сунушун угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасын Президентинин 24.02.2022-жылдын № 54- “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгын жана аны ишке ашыруу максатында Чалма айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү” боюнча жобо бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Чалма айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдик жамааттар менен чогулуш, жыйындар уюштурулсун, бул иш-чараларды аткаруу айыл өкмөт башчысына, айыл башчыларына жана айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | В.Акаева |
| Чалма айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 28-мартындагы №106 буйругунун №1 тиркемеси |
Чалма айылдык аймагынын калктуу конуштарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1.Жалпы жоболор
1.1.Бул Жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54- Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айылдарда жана башка калктуу конуштарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп-адаттарды, этностук ырым-жырымдарды жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кенири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн башчысынын, кызматкерлеринин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, билим берүү, саламаттыкты сактоо,маданият, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин,ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу комиссия түзүлөт.
2.2. Жумушчу комиссия ушул жобонун негизинде жергиликтүү жамааттардын сунуштарын эске алуу менен айылдык аймак боюнча жобонун долбоорун иштеп чыгып, аны бекитип берүү үчүн айылдык кеңешке сунуш кылат. Долбоор талкууланып, жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Айылдык аймак боюнча жобо айылдык кеңештин токтому менен бекитилгенден кийин айылдарда жыйындар өткөрүлүп, бекитилген жобо элге тааныштырылат, эл көп топтолгон жерлерге илинет, массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу,маараке салтанаттары ж.б кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
3.3. Үйлөнүү тою өз ыктыярлары менен эки тараптын (кудалар) эсебинен 200 адамга чейинки “Банкеттик кече” же конок тосуу менен “Салттуу той” формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюнда ири бодо мал, жылкы союуга уруксат берилет. Бирок, ашыкча сый дасторкондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.
3.4. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат.Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет.
3.5. Тойдон кийинки салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү ж.б.у. сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 12 ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
3.6. Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, куйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.
3.7. Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодон өтүү салтанатында 3төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.
3.8. Жашы жете элек кызга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.
4. Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдары айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4.2. Маркум чыккан (азалуу) үйдө алгачкы үч кун ичинде эч кандай мал союлбайт, келгендерге дасторкон жайылып, тамак-аш берилбейт.
4.3. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.
4.4.Маркумга атап, үчтүк, бейшембилик, кырктык, айттыгын белгилөөгө жана дастаркон даярдоого тыюу салынат.
4.5. Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк кийгизүү ж.б.у.с.), маркум өткөн жерде кадайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып, “жыртыш” таратып берүү, майда барат буюмдарды (чыны,табак, дастаркон,самын, жип, чай ж.б.у.с.) таратууга тыюу салынат жана кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы жергиликтүү комиссиянын макулдугу менен чечилет.
4.6. Кабырдын үстүнө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.
4.7. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилет.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссия жана айылдарда түзүлгөн комиссия кирет.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн алдында жана айылдарда түзүлөт. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин төрагасы, депутаттары, билим берүү, саламаттыкты сактоо,маданият, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин,ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун активдүү өкүлдөрү кирет. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Айылдарда түзүлгөн комиссиянын курамына айыл башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары, билим берүү, саламаттыкты сактоо,маданият, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин,ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун активдүү өкүлдөрү кирет. Айылдык комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.3. Жергиликтүү комиссиянын мучөлөрү маркумду эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып тушундүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргузөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чараларды көрөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Айыл аймагындагы айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин.жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдык аймактын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.