Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 12-апрели № 8/3
Токбай-Талаа айылындагы «Үч-Чат-Тунук-Суу”муниципалдык ишканасынын 2021-жылда аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Жергиликтуу өз алдынчы башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 4-пунктуна ылайык Токбай-Талаа айылындагы «Үч-Чат-Тунук-Суу”муниципалдык ишканасынын төрагасы К.Маразыковтун 2021-жылда аткарган иштеринин маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токбай-Талаа айылындагы «Үч-Чат-Тунук-Суу” муниципалдык ишканасынын төрагасы К.Маразыковтун 2021-жылда аткарган иштеринин абалы жөнүндөгү отчету канааттандыраарлык деп табылсын
2. Токбай-Талаа айылындагы «Үч-Чат-Тунук-Суу” муниципалдык ишканасынын төрагасы К.Маразыковго;
- Чалма айыл аймагындагы таза сууну калкка үзгүлтүксүз жеткирүүнү жана өз убагында оңдоо иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | В.Акаева |