Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 12-апрели № 8/4
Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 2021-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
Жергиликтуу өз алдынчы башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 2021-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетинин 2021-жылдын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Козуевдин берген маалыматы көнүлгө алынсын жана 2021-жылдын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү тарабынан мыйзам бузууларга жол берилбей киреше бөлүгү 11 574 700 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Козуевге;
- айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын:
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Култаевге милдеттендирилсин.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | В.Акаева |