Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 12-апрели № 8/5
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылынын жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрүн аныктап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 30-главасынын 89-90-беренелеринин негизинде жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрүн аныктап берүү жөнүндөгү Чалма айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы У.Жаамбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 30-главасынын 89-90-беренелеринин негизинде жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү; жандыкка 10 (он) сом, ири мүйүздүү малга 50 (элүү) сом, жылкыга 50(элүү) сом- ички малдарга, жандыкка 20 (жыйырма) сом, ири мүйүздүү малга 200 (эки жүз) сом, жылкыга 200(эки жүз) сом- сырткы малдарга белгиленсин, төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан кечиктирилбесин.
2. Жайыт комитетинин төрагасы У.Жаанбаевге;
Жайыт жерлерин сарамжалдуу пайдалануу менен бекитилген жыйымдын өлчөмүн жана төлөө мөөнөтүн өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Култаевге милдеттендирилсин.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | В.Акаева |