Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 12-апрели № 8/6
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылынын тургундары үчүн ичүүчү таза сууга болгон төлөмдүн өлчөмүн жана төлөө мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылынын тургундары үчүн ичүүчү таза сууга болгон төлөмдүн өлчөмүн жана төлөө мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндөгү «Үч-чат» таза суу муниципалдык ишканасынын маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы «Үч-чат» таза суу муниципалдык ишканасы калкка кызмат көрсөтүүдө ичүүчү суунун тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.
Токбай-Талаа айылынын жашоочуларына;
Көчөдөгү суу түтүгүнөн пайдаланган ар бир кожолукка; 1 жылга 1000(бир миң) сом.
Короосунан пайдаланган тургундарга 1 жылдык төлөм 1500(бир миң беш жүз) сом.
Төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 25-декабрынан кечиктирбестен аткарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | В.Акаева |