Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын
2022-жылдын 12-апрели № 8/7
Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Токбай-Талаа, Орто-Талаа, Буйга, Беш-Кемпир айыл аймактарынын тургундарынын жазгы көчүп-конуусу жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнүн айыл аймактарынын тургундарынын жазгы көчүп-конуусунун, айыл башчыларынын жамааттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жайлоолорго өз убагында көчүрүү жана белгиленген мөөнөттөрүн кулактандыруу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Токбай-Талаа, Орто-Талаа, Буйга, Беш-Кемпир айыл аймактарынын тургундарынын жазгы көчүп-конуусу, айыл башчыларынын жамааттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жайлоолорго өз убагында көчүрүү уюштурулсун жана белгиленген мөөнөттөрү төмөндөгүдөй бекитилсин.
Токбай-Талаа айылынын Бакулуу, Эшей-Орчун, Таздар жамааттары 1-майга чейин,
Эшуулу-Нокой, Жалчыман, Коңурат жамааттары 5-майга чейин,
Буйга жана Орто-Талаа айыл тургундары 25-майдан кечиктирилбестен.
Кайра жайлоодон кайтып келүү 10-августтан белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чалма айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары: | В.Акаева |