Редакцияот 22.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-шайланган кезектеги 3-сессиясы

2021-жылдын 22-июну № 7

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Карчабек айылынын “Орус –Талаа” участкасынын түштүк тарабынан ичүүчү таза суу кампасы үчүн 0,50га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Карчабек айылынын элдеринин талабы боюнча Орус талаа участкасынын түштүк тарабынан ичүүчү таза суу кампасы үчүн 0,50 га жер тилкесин бөлүп берүү үчүн Кызыл-Тоо айылдык кеңеши 7 шайланган 3 сессиясы токтом кылат.

1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Карчабек айылынын “ Орус-Талаа” участкасынын түштүк тарабынан элдин талабы боюнча ичүүчү таза суунун суу кампасынын курулушу үчүн 0,50 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

2. Суралсын Өзгөн районундук “Кадастр” мамлекеттик мекемесининен жана Өзгөн райондук архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жага.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана турак жай боюнча адиси Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.

 

Кызыл-Тоо айылдык

кеңештин төрагасы

 

Т.Темиралиев