Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-шайланган кезектеги 5-сессиясы

2021-жылдын 27-августу № 15

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Кызыл-Тоо айлынын Т.Темиралиев көчөсундөгү эс алуучу скверди жана Т.Капаров көчөсүнөгү  элдер  басуучу кичи жолду (тратуар) муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө.

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Кызыл-Тоо айлынын Т.Темиралиев көчөсүндөгү эс алуучу скверди жана Т.Капаров атындагы борбордук көчөсүндөгү элдер басуучу (тратуар) кичи жолдорду муниципалдлык менчикке өткүрүп алуу боюнча маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин 7 чакырылыш 5-сессиясы токтом кылат.

1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Кызыл-Тоо айлынын Т.Темиралиев көчөсүндөгү эс алуучу жайдын (сквердин) жер тилкесин жана Т.Капаров атындагы борбордук көчөсүндөгү элдер басуучу кичи жолдор (тратуар) муниципалдык менчикке өткүрүлүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун.

 

Кызыл-Тоо айылдык

кеңештин төрагасы

 

Т.Темиралиев