Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-шайланган кезектеги 5-сессиясы

2021-жылдын 27-августу № 16

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылындагы калктуу конуштун ичиндеги башкы планды бекитүү жөнүндө.

Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылындагы элдердин суроо талабы боюнча калктуу конуштун ичиндеги түзүлгөн №56 контурундагы башкы планды бекитүү боюнча маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин 7-чакырылышындагы 5-сессиясы токтом кылат.

1. Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айылынын калктуу конуштун ичиндеги түзүлгөн №56 контурундагы 1,20 га жер тилкесинин башкы планы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Кызыл-Тоо айылдык

кеңештин төрагасы

 

Т.Темиралиев