КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-шайланган кезектеги 5-сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 17
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө муниципалдык«Таза-Суу» ишканасын уюштуруу жөнүндө.
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тоо , Эркин-Тоо, Ак-Кыя, Доңуз-Тоо, Карчабек айылдарындагы иштеп жаткан таза суу ишканаларын бириктирип «Кызыл-Тоо – Таза-Суу» ишканасын уюштуруу жөнүндө Кызыл-Тоо айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы «Таза-Суу» ишканаларын бириктирип «Кызыл-Тоо – Таза-Суу» муниципалдык ишканасы уюштурулсун.
2. «Кызыл-Тоо – Таза-Суу» муниципалдык ишканасын уюштуруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Тоо айылдык кеңештин төрагасы |
Т.Темиралиев |