ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
12.01.2022-жыл № 1
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун, 2023-2024-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун, 2022-2023-жылдардын божомолун бекитүү жөнүндө Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 46843,9 миң сомго, анын ичинен атайын каражаттар эсебине 1680,0 миң сомго бекитилсин.
2. Терек-Сай айыл аймагынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 46843,9 миң сомго анын ичинен атайын каражаттар эсебине 1680,0 миң сомго бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптери жана укуктары жөнүндөгү мыйзамынын 21 беренесине ылайык айыл аймагынын башчысынын резервдик фонду 468,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Терек-Сай айыл аймагынын 2023-жылга карата бюджетинин долбоору 48292,9 миң сомго, 2024-жылга карата божомолу 49346,9 миң сомго бекитилсин.
5. Бекитилген лимиттерди өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.03.2021-жылдын № 131 токтомунун 14-беренесинине ылайык 701 разделине 1 штат айыл башчы киргизилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.10.2021-жылдын №123 токтомунун 38-беренесине ылайык айылдык кеңешке 1 штат айылдык кенештин катчысы киргизилсин жана эмгек акысы 1-январга калган калдыктын эсебинен бөлүнүп берилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
9. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |