Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

 

12.01.2022-жыл № 2

Терек-Сай айыл аймагынын 2022-жылга  социалдык-экономикалык өнүгүү программасын  жана 2022-2026-жылдарга карата өнүктүрүүнүн  улуттук Программасынын иш чараларын бекитүү жөнүндө

 

Терек – Сай айыл  аймагынын жооптуу катчысы Б.Дж.Анарбаеванын айыл аймактын 2022-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын жана 2022-2026-жылдарга карата өнүктүрүүнүн  улуттук Программасынын иш чараларын бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын III кезектүү  сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.   Терек-Сай айыл   аймагынын  2022-жылга карата түзүлгөн  социалдык-экономикалык өнүгүү программасы  толуктоолор менен бекитилсин.

2.   Терек-Сай айыл  аймагынын  2022-2026-жылдарга карата өнүктүрүүнүн  улуттук Программасынын иш чаралары  бекитилсин.

3.   Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.

4.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин мыйзамдуулук,укук тартиби  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5.   Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.