Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

 

12.01.2022-жыл № 4

“Терек-Сай  Тазалык” МИнын кызматкерлерине атайын жумушчу кийим  алууга жана жолбун иттерди атуу боюнча чыгымдарга акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Терек-Сай Тазалык ” МИнын кызматкерлерине атайын кийим алып берүү зарылдыгы жана ит атуу боюнча сметага акча каражатын бөлүп берүү   жөнүндөгү “Терек-Сай Тазалык” МИнын жетекчиси Ш.Балтагуловдун   кайрылууларын  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезектүү III сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.   Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Терек-Сай Тазалык ” МИнын кызматкерлерине атайын кийим алып берүү (спец.одежда) үчүн 44 000 (кырк төрт мин) сом акча каражаты бюджеттен  бөлүнүп берилсин.

2.   Терек-Сай айыл аймагындагы жолбун иттерди атуу боюнча чыгымдардын сметасына ылайык 35 225 (отуз беш мин эки жүз жыйырма беш) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин.

3.   Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын КЭБнүн  башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

4.   Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы  айылдык  Кеңештин  экономика  жана  финансы  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

5.   Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.