Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

 

12.01.2022-жыл № 9

Терек-Сай айыл аймагына караштүү жалпы орто билим берүүчү мекемелерге райондук олимпиаданы  уюштуруу жана өткөрүү үчүн   акча каражатын бөлүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу  Кызы-Токой айылында жайгашкан Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепте өткөрүлүүчү Райондук олимпиаданы  уюштуруу иштерине даярдык көрүү  үчүн  жана окуучуларды алып барып келүүгө техника маселесин чечүү зарылдыгы боюнча  КЭБнүн башчысы Т.Суванованын  кайрылуусун   угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезектүү III сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектепте өткөрүлүүчү Райондук олимпиаданы  уюштуруу иштерине даярдык көрүү  үчүн 17 000 (он жети мин) сом  жана Терек-Сай жана А.Чымканаев жалпы орто билим берүүчү мектептеринин окуучуларын  алып барып келүүгө техника жалдоого  14 000 (он  төрт мин) сом акча каражаты бюджеттен  бөлүнүп берилсин.

2. Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын КЭБнүн  башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы  айылдык  Кеңештин  экономика  жана  финансы  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

4. Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.