Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү III сессиясы
12.01.2022-жыл № 12
Жаштар арасында футбол оюнун өткөрүүгө карата акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагындагы жаштар арасында быйылкы жылы спорттун 100 жылдыгына карата футбол оюнун өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө Терек-Сай айылынын тургуну Н.Хаджибековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү III сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагындагы жаштар арасында быйылкы жылы спорттун 100 жылдыгына карата футбол оюнун өткөрүү үчүн 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |