Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
24.01.2022-жыл № 14
Терек-Сай айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын 2021-жыл ичинде бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматын угуу жана талкуулоо
Терек – Сай айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Суванованын 2021-жыл ичиндеги бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Суванованын 2021- жылга карата бюджеттин аткарылышы боюнча берген маалыматы сын- пикирлерди эске алуу менен “жакшы” деп табылсын.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |