Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

 

24.01.2022-жыл № 16

“Ай-Нуру”м.ч.б.б. уюмунун жаны ачылуучу кенже тайпасына  керектүү буюмдарды алып берүү жана тамак бышыруучу комфорный плитасын ондотуу жөнүндө

 

      Терек-Сай айыл аймагына караштуу  “Ай-Нуру” м.ч.б.б. уюмунун жетекчиси Б.Баимбетованын  жаны ачылып жаткан кенже тайпага керектүү буюмдарды алып берүү жана тамак бышыруучу комфорный плитасын ондотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү  кайрылуусун  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезектүү IV сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.   “Ай-Нуру” м.ч.б.б. уюмуна жаны  ачылып жаткан кенже тайпага керектүү буюмдарды алып берүү  үчүн 139 600 (бир жүз отуз тогуз мин алты жүз)  сом  жана тамак бышыруучу комфорный плитасын ондотуу үчүн  25 000 (жыйырма беш мин) сом  акча каражаты бюджеттен  бөлүнүп берилсин.

2.   Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын КЭБнүн  башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.   Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөжагы  айылдык  Кеңештин  экономика  жана  финансы  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

4.   Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.