ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
24.01.2022-жыл № 20
Кызыл-Токой айыл башчысынын кабинетине эмеректерди алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун кабинетине эмеректерди алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы М.Жолдошбековдун кабинетине эмеректерди алып берүү үчүн 89 300 (сексен тогуз мин үч жүз) сом акча каражаты бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4 Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |