Редакцияот 24.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы

 

24.01.2022-жыл № 23

COVID-19  инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү  жана анын кесепеттерин жоюу боюнча кызмат көрсөткөн кызматкерлерге акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда  COVID-19  инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү  жана анын кесепеттерин жоюу боюнча кызмат көрсөткөн кызматкерлердин эмгектерин баалоо менен көнүл буруу максатында  Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IХ чакырылышынын  кезектүү IV сессиясы

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

1.   Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда  COVID-19  инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү  жана анын кесепеттерин жоюу боюнча кызмат көрсөткөн кызматкерлердин  эмгектерин баалооо менен 3(үч)  кызматкерге  5 000 (беш   мин) сомдон   жана күйүүчү май 3 000 (үч мин) сом, жалпы 18 000 (он сегиз мин)  сом  акча каражаты бюджеттен  бөлүнүп берилсин.

2.   Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын КЭБнүн  башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.   Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөөжагы  айылдык  Кеңештин  экономика  жана  финансы  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясына  милдеттендирилсин.

4.   Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.