ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
24.01.2022-жыл № 25
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыкты бөлүштүрүү боюнча КЭБнун башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин 2022-жылдын
1-январына иштетилбей калган калдыктын эсебинен 701 разделинин 221 бересине 20,0 миң сом, 222 беренесине 33,2 миң сом, 272 беренесине 120,0 миң сом, 311 беренесине 649,3 миң сом, 70823 разделинин 311 беренесине 98,0 миң сом, 70911 разделинин 311 беренесине 451,5 миң сом,70921 разделинин 222 беренесине 92,1 миң сом, 311 беренесине 862,0 миң сом баардыгы болуп 2326,1 миң сом акча каражаты №1 тиркемеге ылайык бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |