ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 29
Терек-Сай айыл аймагындагы фельдшердик, акушердик пункттун (ФАП) имаратын жаңыдан куруу үчүн долбоор даярдатууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан фельдшердик, акушердик пункттун (ФАП) имаратын жаңыдан куруу үчүн долбоор даярдатуу жөнүндө Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айылында жайгашкан фельдшердик, акушердик (ФАП) пункттун имаратын жаңыдан куруу үчүн долбоор даярдатууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |