Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Терек-Сай  айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

11.02.2022-жыл № 31

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган   турмуш -шарты оор, ден-соолугуна байланыштуу жардам сураган жарандарга  материалдык жардам берүү  жөнүндө

 

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу С.Мырзалиев көчөсүн тургуну Стамалиева Эльнура Рысбековна, Болуш айылынын тургундары  Айгүл Атабаеванын,  Матибраимова Райхат Азимкуловнанын небереси Токтосун уулу Жыргалбек, Кызыл-Токой айылынын тургундары Гүлзат  Чотбаеванын, Рысымбетова Сейдимкандын кайрылууларын окуп жана талкуулап, материалдык жардам көрсөтүү максатында, Терек-Сай айылдык  Кеңешинин IX  чакырылышынын  кезексиз  V  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айыл аймагынын : С.Мырзалиев көчөсүнүн тургуну  Стамалиева  Эльнура  Рысбековнанын  көзүнө  операция жасатуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом, Болуш айылынын тургундары Айгүл Атабаеванын ден-соолугуна байланыштуу 50 000 (элүү миң) сом, Райхат  Матибраимованын 1-группадагы майып небереси Токтосун уулу Жыргалбектин ден-соолугуна байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) сом,   Кызыл-Токой айылынын тургундары  Гүлзат Чотбаеванын турмуш-шарты оордугуна байланыштуу 20 000 (жыйырма миң) сом, Сейдимкан Рысымбетованын ден-соолугуна байланыштуу  20 000 (жыйырма миң) сом жалпы 160 000 (бир жүз алтымыш миң) акча каражаты  материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттин  эсебинен  бөлүнүп  берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын  КЭБнүн  башчысы  Т.Т.Сувановага  жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

Кеңешинин төрагасы

 Тойчуев М.С.