ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 32
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жалпы орто билим алууда “Башталгыч, жалпы, негизги жана орто билим алууга балдардын конституциялык укутарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жалпы орто билим алууда “Башталгыч, жалпы, негизги жана орто билим алууга балдардын конституциялык укутарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Терек-Сай айыл аймагында жалпы билим берүү уюмдарында окуп билим алып жаткан турмуш-шарты оор, жардамга муктаж балдарга кийим-кече алып берүү максатында, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында жалпы билим берүү уюмдарында окуган турмуш-шарты оор, жардамга муктаж балдарга жалпы 31 (отуз бир) балага кийим-кече алып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 180 000 (бир жүз сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышынкөзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |