Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 33
Майлуу-Суу шаарында кол күрөш, Ош шаарында волейбол боюнча жана Бишкек шаарында 19-20-февралда Кыргызстан чемпионаттыгына мелдештерге катышып келүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
2022-жылдын 26-27-февраль күндөрү Майлу-Суу шаарында кыздар-балдар арасында өткөрүлүүчү кол күрөш боюнча турнирге, Ош шаарында болуучу балдар арасында волейбол мелдешине жана Бишкек шаарында 19-20 февраль күндөрү өткөрүлүүчү Кыргызстан чемпионаттыгына балдарды алып барып келүү боюнча Ч.Жаркуловдун, Ж.Ташболотовдун жана Д.Нарматовдун кайрылууларын окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 26-27-февраль күндөрү Майлу-Суу шаарында, балдар – кыздар арасында өткөрүлүүчү кол күрөш турнирине 10 кыз 10 бала алып барып келүүгө 20 000 (жыйырма миң) сом, Ош шаарында болуучу балдар арасында волейбол боюнча мелдешке катышуучу балдарга 22 000 (жыйырма эки миң) сом, Бишкек шаарында 19-20 февраль күндөрү өткөрүлүүчү Кыргызстан чемпионаттыгына балдарды алып барып келүү үчүн 30 000 (отуз миң) сом, жалпы 72 000 (жетимиш эки миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |