ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 34
Жалал-Абад шаарына “Тажик -Оооган” тынчтыкты орнотуу боюнча областтык аземге барууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
“Тажик-Ооган” тынчтыкты орнотуу уюмунун ардагерлеринин 4-5 март күндөрү өтүүчү 2022-жылдын 4-5 март күндөрү областтык аземге катышып келүү боюнча Чаткал районунун төрагасы Мирзаулукбек Тупсунбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Тажик-Ооган” тынчтыкты орнотуу уюмунун ардагерлери областтык аземге барып катышып келүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000(жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.А.Смановго милдеттендирилсин.
3. Бултоктомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |