Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 36
Терек-Сай айыл аймагында турак-жай салуу үчүн кезекте турган жарандарга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында турак-жай салуу үчүн кезекте турган жарандарга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.А.Смановдун кайрылуусун окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында кезекте турган жарандарга турак жай –жай салуу максатында, ар бир жаранга 6 (алты) сотыхдан ашпаган жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.А.Смановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, курулуш өнөр жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |