ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
11.02.2022-жыл № 37
Терек-Сай айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин менчик түрүнө өткөрбөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.А.Смановдун муниципалдык менчикте турган жер участокторунун менчикке берилбеши жөнүндөгү кайрылуусун окуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин убактылуу иштетүүгө ижарага (арендага) 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 22- 23 беренелерин, 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 КР Жер Кодексинин 23-беренесин жетекчиликке алуу менен берилсин жана ижара баасы 1000 (миң ) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.А.Смановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, курулуш өнөр жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кеңешинин төрагасы | Тойчуев М.С. |