Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 83
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен Газпромдун Социалдык демилгелерди колдоо фондунун ортосунда кол коюлган 2018-жылдын 17-октябрындагы № 14113 кайрымдуулук келишимин эске алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мамлекеттин менчигинде турган Жалал-Абад шаары, Т.Байзаков көчөсү, 53/1 дареги боюнча жайгашкан дене тарбия - ден соолукту чыңдоо комплексин аянты 1,05 га болгон жанаша жер участогу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууну камсыз кылуу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүүнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-мартындагы N 18 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |